Алтынбек Рысбеков Энергетика министринин орун басары болуп дайындалды


«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Рысбеков Алтынбек Дурусбекович энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А.Касымалиев кол койду.

Эске салсак, жаңы дайындалган министрдин орун басарын буга чейин Министрликке караштуу «КУЭТ» ААКнын башкы директору болчу.

Ал эми министрдин мурдагы орун басары Н.М.Садыков өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.