Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
«Бир алкак, бир жол» демилгесинин курулушун жана 2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасын байланыштырып, биргелешип алдыга жылдыруу боюнча кызматташуу программасы;
Социалдык камсыздандыруу жөнүндө макулдашуу;
Сот тутумунун маалыматтык системасын түзүү долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча кат алмашуу;
Кыргызстандын лабораториясына жардам көрсөтүү долбоорун ишке ашыруу боюнча кат алмашуу;
Ош шаардык ооруканасына жана президенттик ооруканага медициналык жабдууларды жеткирүү долбоору боюнча кат алмашуу;
Эки өлкөнүн ТИМдер деңгээлинде стратегиялык диалог механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Эки өлкөнүн топтук туристтик сапарларын жеңилдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Экономикалык өнүгүү жана реформалар жаатында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз-кытай чек арасында көзөмөл-өткөрүү пунктуларынын инфраструктурасын куруу жаатында өнүгүүнү жана кызматташууну илгерилетүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу жана инвестициялар жөнүндө макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө биргелешкен билдирүү;
Санариптик экономика чөйрөсүндөгү кызматташтыкты бекемдөө жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
Жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Таза энергетикалык технологияларда колдонулуучу минералдар чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты бекемдөө боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргызстандан Кытайга төө буурчакты экспорттоодо фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;
Экспорттолуучу жуулган жүнгө жана кашемирге карата инспекциялык, карантиндик жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө протокол;
Экспорттолуучу канаттуулардын этине карата инспекциялык, карантиндик жана санитардык талаптар жөнүндө протокол;
Илим жана технология аркылуу жакырчылыкты кыскартуу жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Турак-жай жана шаар куруу жаатында кызматташууну чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Кытай Коомдук илимдер академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
УТРК менен China Media Group компаниясынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү боюнча меморандум;
Нарын облусу менен Кытайдын Хэйлунцзян провинциясынын ортосундагы достук мамилелерди түзүү жана практикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча меморандум.

