УКМК Бишкектеги «Асман», «Мейкин», «Сый ордо», «Ата», «Ак булут», «Ак Сарай» тойканаларынын ээсин кармады.

Атайын кызмат билдиргендей, бул тойканалар кызыл сызыктан чыгып кеткен. Банкеттик залдардын С.А.С. аттуу кожоюну айрым мамкызматккерлер менен сүйлөшүп, ресторандардын аянтын өзүм билемдик менен кеңейтип алган. Ошондой эле коммерциялык объектилердин негизги бөлүктөрүн ижарага алынган муниципалдык жер тилкелерине жайгаштырган.
Ишкер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

