2020-жылдын 30-августунда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 1967-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 8-август күнү болжол менен саат 08:00 чамасында анын 1986-жылы туулган кызы Кара-Балта шаарында жашаган үйдөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып барбаганын билдирген.
Бул факты катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон аял ошол күнү Сосновка айылындагы тоодо мурдагы жарандык жолдошу менен чогуу болгону аныкталган. Алар бир жылдан бери бирге жашабай калышкан.
Бул багытта иликтөө иштери жүргүзүлүп, 2025-жылдын 9-сентябрында Сосновка айылынын түндүк тарабында анын зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөн белгиси бар сөөгү табылган.
Бул кылмышка шек саналып мурдагы жолдошу кармалды. Иликтөөдө такталгандай, 2020-жылдын август айында алар жолугушкан, шектүү жубайына жаракат келтирип, анын өлүмүнө себеп болгон. Кылмышты жашыруу максатында ал маркумдун денесин көмүп салган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.

