Алайдагы иш-чарада укук бузуулар катталган жок


2025-жылдын 11-12-сентябрь күндөрү Ош облусунун Алай районунда кыргыз элинин улуу тарыхый инсаны, мамлекеттик ишмер Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

Мааракенин коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2000дөн ашуун милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартиптин жана жарандардын коопсуздугунун сакталышына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча иш-чаралар уюштурулуп, жолдордо тыгындардын жаралышына жол берилген жок.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам жана жигердүү аракеттеринин натыйжасында майрамдык иш-чаралар тынч өтүп, укук бузуулар катталган жок.