Коргоо министрлигинин системасындагы коррупциялык схема аныкталды


КР УКМК тарабынан Коргоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан акча каражаттарын алуунун коррупциялык схемасы аныкталды.
Алсак, мобилизациялык резервдин администрациясынын ичинен айрым офицерлер өлкөнүн жогорку жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка каршы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кызыкчылыгына жана беделине доо кетирип, жеке материалдык баюу максатында акча каражаттарын талап кылуу менен алектенишкен.


Тактап айтканда, КР Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары, майор Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири лейтенант К.А.Б. «Кой-Таш» аскер бөлүгүндө жайгашкан мобилизациялык резервдин окуусунан өтүп жаткан чакырылуучулардан мыйзамсыз кыска мөөнөттүү өргүү, бөлүктөн уруксатсыз чыгуу мүмкүнчүлүгү жана уюлдук телефон колдонуу түрүндөгү айрым жеңилдиктерди берүү үчүн акча талап кылган.