Токмокто Ислам Академиясы ачылды


Ага КРнын Президенти Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу президенттин админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, өлкөбүздүн билим берүү жана дин тармагында дагы бир жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи.

Ислам Академиясы – агартуунун, руханий өсүштүн жана салттуу ислам баалуулуктарына таянуунун символу боло турган мекеме.