Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатынын күмүш медалын тагынды

57kg FS - Bekzat Almaz Uulu (KGZ)

57 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалда Түндүк Кореянын балбаны Чонгсон Хан менен кармашып, 12:9 эсебинде жеңилип калды.

Белгилей кетсек, 13-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы.