VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары качан өтөрү айтылды


VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келерки жылы 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи Бишкекте, ал эми жабылуу аземи Ысык-Көлдө өтөт. Мелдештердин өзү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Мелдешке 90дой өлкө катышат деп пландалууда.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген. V Көчмөндөр оюндары былтыр Астанада өткөн.