Кыргызстан менен Түркия үч документке кол койду


Бүгүн, 18-сентябрда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынын жыйынтыгы боюнча үч документке кол коюлду.  Жыйын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында өттү.

Комиссиянын 12-жыйынын протоколуна Адылбек Касымалиев менен Жевдет Йылмаз кол койду.

Ошондой эле Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик менен Түркиянын Айлана-чөйрөнү коргоо, шаарлаштыруу жана климаттын өзгөрүүсү боюнча министрлигинин Жер каттоо жана кадастр башкы башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы менен Түркиянын Чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү жана колдоо уюмунун (KOSGEB) ортосундагы иш-чаралар планына кол коюлду.