Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, илимий институттарда иштеген жардамчы, тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысы 80 пайызга жогорулайт.
«Илимий кызматкерлердин эмгек акысын 100 пайызга жогорулатуу пландалууда: анын ичинде кызматтык окладды аныктаган коэффициентти 50 пайызга, кызматтык окладга кошумча төлөмдөрдү 50 пайызга көтөрүү каралган. Натыйжада жалпы жогорулоо 100 пайызды түзөт», — деп айтылат маалыматта.
Бул долбоор тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашылып бирдиктүү чечим катары кабыл алынганы кошумчаланды.

