Жалал-Абадда топтошкон жаштар мушташып, 17 жаран милицияга жеткирилди


10-cентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы “Токтогул” эс алуу багында тойдо жүргөн топ балдар мушташып жаткандыгы боюнча маалымат алынган. Аталган факты ошол эле күнү Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жалпы 17 жаран Жалал-Абад ШИИБдин тергөө кызматына камсыз кылынып, жыйынтыгында бири-бирине арыз доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.