Автобуста боюнда бар келинди тепкен кыз кармалды


Окуянын видеосу соцтармакка тараган. Анда аялдар уруша кетип, бири экинчисин чачтан алганын көрүүгө болот. Уруш автобустагы орун талашуудан улам келип чыкканы айтылды.

Ленин РИИБи окуя кечээ кечинде №212 автобуста болгонун билдирди. Милицияга жабыркаган келиндин байкеси кайрылган. Жабырлануучу ооруканада экени айтылды.

Кылмышка шектелген 20 жаштагы келиндин кичинекей баласы жана боюнда бар экени айтылды.