Бишкекте музыкалык аппарат уурдаган шектүү кармалды


Бишкек шаарында музыкалык студиянын терезесин сындырып кирип, ал жерден 2 колонка, микрофон, 3 комуз жана Yamaha 550 үлгүсүндөгү музыкалык синтезаторду уурдаган деген шектүү кармалды. Келтирилген чыгымдын көлөмү 523 миң сомду түзгөн.  Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Аталган факт боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши козголуп, уурулукка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.