Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатууну колдоду


Бүгүн, 25-сентябрда парламентте Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатуусу тууралуу маселе каралып, ал көпчүлүк депутаттын колдоосуна ээ болду.

Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусуна 84 депутат макулдук берип, каршы добуш бергендер болгон жок. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатуу тууралуу токтом долбоорун кабыл алды.

Эскерте кетсек, парламенттин өзүн-өзү таркатуусу тууралуу демилгени 32 эл өкүлү көтөрүп чыккан. Алардын пикири боюнча, келерки жылы ноябрдын аягында парламенттин, ал аяктары менен 2027-жылдын январында президенттин шайлоосу болуп, эки чоң шайлоо удаа өткөндүктөн, ал саясий туруксуздукка алып келиши толук ыктымал. Эки чоң шайлоону катар өткөрүү көп каражатты талап кылат. Мындан улам парламент мөөнөтүнөн мурда тарап, шайлоону быйыл өткөрүү туура болот.