Жарандык жана административдик иштер боюнча соттордо прокурорлор катышат


Кыргызстанда мыйзамдуулукту камсыз кылууда прокурорлордун орду чоң. Алар кылмыш иштери менен эле чектелбестен, жарандык жана административдик сот иштерине да катышат. Бул коомдук кызыкчылыкты коргоо жана жарандардын укуктарын камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү. Мындай маалыматты  Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы Н. Мыразбекова билдирди.
Жарандык иштер — бул адамдардын же уюмдардын ортосундагы талаштар. Прокурор мындай иштерге төмөнкү учурларда аралаша алат:
Балдардын же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу бузулганда;
Экология, маданий мурастар, коомдук мүлк коркунучта болгондо;
Мындай учурларда прокурор өзү сотко доо арыз берип же иш жүрүп жаткан сот процессине кошулуп, корутунду сунуш кылат. Максаты — мыйзам бузууга жол бербөө.
Административдик иштер — бул жарандардын мамлекеттик органдар чыгаргын административдик актыларына каршы даттануулары. Мисалы Мамлекеттик орган мыйзамсыз чечим чыгарганда.
Прокурор бул иштерге мыйзамдуулукту көзөмөлдөө үчүн катышат жана мамлекеттин, чөйрөсү аныкталбаган жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко административдик доо менен кайрылууга укуктуу. Ал сотко өзүнүн көз карашын билдирип, мыйзам бузуу болсо — ага каршы чара көрүүнү сунуш кылат.
Прокурор сотто көз карандысыз жана бейтарап мамлекеттик орган катары:
Жарандардын укуктарын коргойт;
Коом үчүн маанилүү маселелерде мыйзамдын сакталышын камсыздайт;
Адилеттүү чечим кабыл алынышына көмөктөшөт.

Айрыкча аярлуу топтордун — балдардын, карылардын, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары боюнча сот иштеринде прокурорлордун катышуусу абдан маанилүү.
Жарандык же административдик ишке прокурордун аралашуусу — бул жөн гана мамлекеттик көзөмөл эмес, мыйзам үстөмдүгүн, адилеттүүлүктү жана коомдук кызыкчылыкты камсыз кылуунун натыйжалуу жолу. Ошондуктан, ар бир жарандын укугу жана коопсуздугу үчүн прокурордук көзөмөлдүн сакталышы маанилүү бойдон калат.