1-октябрда «Аялдардын ден соолугу» деп аталган бир айлык акция башталат


Анын алкагында курагы 18ден ашкан аялдар гипертония, диабет, сүт бездеринин, жатын моюнчасынын рагы сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын алгачкы белгилерин аныктоо үчүн текшерүүдөн өтө алышат.

Текшерүүлөр үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, жалпы дарыгерлер практикалык борборлорунда, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жана фельдшердик-акушердик пунктуларында жүргүзүлөт.