Ош мэриясы Каракол мэриясына унаа белек кылды


Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Каракол шаарынын мэриясынын делегациясына белек катары 2025-жылы чыгарылган жаңы үлгүдөгү унаа белек кылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Каракол шаарынын делегациясы Ошко тажрыйба алмашуу максатында келген.

Унаанын ачкычы делегацияны жетектеп келген Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиевге тапшырылды.

Караколдон келген коноктор белек күтүүсүз болгонун билдирип, шаар мэри Жеңишбек Токторбаевге ыраазычылык айтышып, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүн Караколго чакырышты.

Келген топ алдыда мэриянын муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, социалдык жана маданий обьекттерге барышат.