КР УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле «Жер мафиясы» деп аталган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө «К.KG» ЖЧКсынын директору Б.Б.Ж. жарандардын ишениминен пайдаланып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу боюнча жасалма укуктарды ишке ашыргандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, Б.Б.Ж. мурда калкка жер участокторун топографиялык съемкалоо боюнча кызмат көрсөтүп, бош жер тилкелеринин жайгашкан жерин билип туруп, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун токой фондусунун 71 га өлчөмүндөгү жер тилкесин пайдалануу укугуна жалган күбөлүктөрдү мыйзамсыз жасап, андан кийин КР жараны Т.Б.га 115 миң АКШ долларына сатып жиберген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде КР жараны Б.Б.Ж. кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Мындан улам КР УКМК жарандарды сак болууга жана ар кандай шылтоолор менен Ысык-Көл облусунун аймагындагы жер тилкелерин, анын ичинде жерди пайдалануу укугун саткан абийирсиз адамдардын аракеттеринен алыс болууга чакырат. Эгерде кимдир бирөө алдамчылык же башка мыйзамсыз аракеттерге туш болсо, анда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына кайрылууну сунуштайбыз.

