Жыл башынан бери республика боюнча 6208 жол кырсыгы катталган


2025-жылдын 9 айында республика боюнча 6 208 жол кырсыгы катталган, бул 2024-жылга салыштырмалуу 22,7%га, тактап айтканда 1 148ге көбөйгөндүгү белгиленет (2024-ж. – 5 060).

Жабыркагандардын жалпы саны 9 714 (2024-ж. – 7 937) түзүп, анын ичинен 636 (2024-ж. — 514) адам каза болгон жана 9 078 (2024-ж. — 7 423) адам ар кандай даражадагы жаракат алган.

Жол кырсыгынан 636 адам каза болуп, башкача айтканда, өлкөдө орточо эсеп менен айына 67 адам өлүмгө алып келген жол кырсыктын курмандыктары болуп жаткандыгы жөнүндө өкүнүчтүү статистикалык маалыматтар көрсөтүп жатат.

Дагы бир кейиштүү көрсөткүч, бул — балдар катышкан жол кырсыктары.

2025-жылдын 9 айында 1 684 балдар катышкан жол кырсыктары катталып, 2024-жылга салыштырмалуу 30 % га көбөйгөн (2024-ж. – 1 295). Мындай жол кырсыктарынан 96 (2024-ж. – 70) адам каза болуп, жалпы жаракат алгандардын 37,1 % түзгөн, ал эми 1 965 (2024-ж. – 1 509) адам жаракат алган.

Мас абалында унаа айдагандыгы үчүн жаза чаралары киргизилип, күчөтүлгөнүнө карабастан, айдоочулардын унаа каражаттарын мас абалында айдаган жол кырсыктары улануу менен өткөн жылдарга салыштырмалуу дагы эле көбөйүүдө.

Мас абалында унаа башкарып бара жаткан айдоочулардын айынан 271 (262) жол кырсыгы катталган, анын ичинен 48 (33) адам каза болуп, 482 (400) адам денесинен ар кандай деңгээлде жаракат алышкан.

Жалпы жол кырсыктары болгон жерден качып кеткен айдоочулардын саны жылдан жылга өсүп жаткандыгы статистикалык маалыматтарда байкалууда. 2024-жылы 686 орун алган болсо, 2025-жылдын 9 айында 830 айдоочу жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен. Алардын ичинен аныкталбай калган айдоочу 2024-ж. 201 болсо, 2025-жылдын 9 айында 248ди түзүп, бул чоң көрсөткүч болуп эсептелинет.

Белгилеп кетчү жагдай, качып кетип, аныкталбай калган 248 айдоочунун 207си борбор калаабыз Бишкек шаарында орун алган.

Жол кырсыктарынын болуу динамикасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлеринин өз милдеттерин ак ниет аткаруусуна гана эмес, жол кыймылынын катышуучуларынын өздөрүнө да байланыштуу экендигин эске алуу керек.

Жөө жүргүнчүлөрдүн эң көп кездешкен мыйзам бузуусу жолдон туура эмес жерден өтүп кетүү фактылары, 2025-жылдын 9 айында 146 (2024-ж. — 78) факт катталган.

Күтүлбөгөн унаанын  артынан чыгуу — 43 (41), чоң кишилердин коштоосусуз жолго чыгуу – 29 (12), мас абалында – 15 (23).

2025-жылдын 9 айында мопед (скутер) катышуусу менен 814 (2024-ж. — 388) жол унаа кырсыгы катталып, анын ичинен 378 (2024-ж. — 165), же 6,8% кырсыктарга мопеддердин (скутерлердин) айдоочулары күнөөлүү болгон.

1 066 (1 039) жол кырсыгы (жалпы санынан 17,3%) жолдордун абалы канааттандыраарлык эмес болгондуктан болгон, бул жерден белгилеп кетчү жагдай, өзгөчө жол жээктеринин начардыгынан, жарыктандыруунун, жол белгилеринин (дорожные знаки, разметки) жоктугунан көп пайызды түзгөн.

Кырсыктардын калган 89,2 % айдоочулардын үлүшүнө туура келет (жеке унаалар, жүк ташуучу унаалар, коомдук транспорт), 2024-ж. бул көрсөткүч 92,7% түзгөн.

Мындан тышкары, Башкы прокуратуранын Укуктук статистика чөйрөсүндө мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 2024-жыл ичинде катталган жол унаа кырсыктары боюнча Улуттук статистика комитетине тапшырылган статистикалык маалыматтардын аныктыгына текшерүү жүргүзүлгөн жана текшерүнүн жыйынтыгы менен бир топ мыйзам бузуу жана статистикалык отчеттуулук бурмаланган фактылар аныкталгандыгы тууралуу белгилеп кетсек.

Текшерүүдө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан 2024-жыл ичинде республиканын аймагында орун алган жол унаа кырсыгына байланыштуу 323 факт отчетко киргизилбегендиги аныкталып, анын ичинен жол унаа кырсыктарынын кесепетинен 10 адам каза болгондугу, 312 адам ар кандай категориядагы жаракаттарды  алышкандыгы, 20 айдоочу алкоголдун таасириндеги абалда жол кырсыктарын жасашкандыгы, мас айдоочунун кесепетинен 3 адам каза болгондугу жана ар кандай категориядагы жаракаттарды алган 18 адам статистикалык отчетко киргизилбегендиги тастыкталган.

Ошондой эле, балдардын катышуусу менен болгон 124 жол унаа кырсыгынын кесепетинен, 4 бала каза болгондугу, 165 бала жаракат алгандыгы, мас абалдагы айдоочулар тарабынан 6 балага карата жол кырсыктары жасалгандыгы жана мас 8 бала жаракат алгандыгы отчетко киргизилбегендиги дагы аныкталып, текшерүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин атына ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө сунуштама келтирилген, аны кароонун жыйынтыгы менен министрдин буйругунун негизинде республика боюнча ички иштер органдарынын областтык, райондук башкармылыктарынын башчыларынын орун басарлары, тергөө кызматтарынын башчылары, жол коопсуздук кызматтарынын башчыларына, жалпысынан 24 кызмат адамына ар кандай катуу тартиптик жазалары берилген.