Бишкекте Art-Ordo — 2025 эл аралык театр фестивалы ачылды


Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында X Art-Ordo эл аралык театр фестивалы ачылды.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргыз эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин 90 жылдыгына арналып, 25-октябрга чейин уланат.