«Йакын Инкар» экстремисттик тобунун 14 мүчөсү радикалдык көз караштан баш тартты


КР УКМК «Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, 2025-жылдын 16-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында «Йакын Инкар»ДЭУнун 14 мүчөсүнүн жашаган дареги боюнча тинтүү иш-чараларын жүргүздү.
Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишинин фигуранттарынын жашаган дареги боюнча экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле буюмдук далил катары протоколдук түрдө алынган уюлдук телефондор табылган.


Мындан тышкары, жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында аталган «Йакын Инкар» ДЭУнун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан ачык баш тартышкан.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.