Сокулукта энесине зомбулук көрсөткөн жаран кармалды


Сокулук районунда өзүнүн энесине зомбулук көрсөткөн 1989-жылы туулган жаран А.Н. кармалды. Ал мас абалында 1960-жылы туулган апасына психологиялык басым көрсөтүп, физикалык зомбулук колдонуп келген деп шектелүүдө.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун үч фактысы боюнча милиция Бузуулар кодексинин 70-беренесине ылайык протокол түзгөн. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен ага камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

ИИБ жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктун ар кандай түрүнө күбө болгондо же жабыркаганда 102 номерине чалууга чакырат.