Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров IV Элдик Курултайдын өткөрүлүү мөөнөтүн өзгөрттү. Мурда 22-декабрга белгиленген курултай эми 25-декабрда өтөт. Бул өзгөртүү президенттин сентябрь айындагы жарлыгынын негизинде киргизилген.
Иш-чаранын жылдырылыш себептери азырынча тактала элек. Эске салсак, Элдик Курултай институту 2021-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде түзүлүп, 2022-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет.

