Бишкек ШИИББи бир нече алдамчылыкка шектелген аялды кармады


Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, 50 жаштагы А.А. алдамчылыкка шектелип кармалды.

Ленин районунун тургуну милицияга кайрылып, таанышы «Тендик» конушунан жер тилкесин алып берүүгө жардам берем деп 500 миң сом алып, андан кийин дайынсыз жоголгонун билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө аны ушундай башка кылмыштарга да тиешеси бар болушу мүмкүн деп эсептөөдө.

👮 Эгерде сиз бул аялдын аракетинен жабыркаган болсоңуз же кошумча маалымат болсо, төмөнкү номерлерге кабарлаңыз:
📞 0 (702) 07-12-63, 0 (700) 95-80-65 же 102.