Бишкектеги жеке мектептердин биринде массалык тамак-аштан уулануу катталды. Көптөгөн окуучулар кусуп, ич өткөк жана ичтин оорушу сыяктуу белгилер менен ооруканага кайрылышкан.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 58 киши жабыркаган, алардын 54ү — балдар. Тогуз адам ооруканага жаткырылып, абалы туруктуу. Баары мектеп ашканасында шаурма жешкен.
Учурда санитардык-эпидемиологиялык кызмат окуянын чыгыш себептерин жана уулануунун булагын аныктоо боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Жабыркагандар керектүү дарылар менен камсыздалды.

