Бишкекте Brand House курулуш компаниясынын башкы директору алдамчылыкка шектелип кармалды


Бул тууралуу Октябрь райондук ИИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 25-июнунда “И.” турак жай комплексинин үлүшчүлөрү башкы прокурорго жамааттык арыз жазган. Алар кайрылуусунда Бишкек шаарынын Куйручук көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинин жетекчилерине — “Хан-Строй” ишканасынын башкы директору (Э.Н.) жана башка адамдарга мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүшкөн.

Жабырлануучулар курулуш компаниясы Бишкек мэриясынын мамлекеттик архитектурасынан уруксат берүүчү документтери жок туруп 2021–2024-жылдары үлүшчүлөрдөн көп суммадам акча алып, турак-жайды бүтүрүп бербегенин жазышкан.

Бул факты боюнча Октябрь райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Тергөөдө 38 жаштагы Э.Н. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.