Жакыпбеков менен Дүйшөмбиевдин иши сотто карала баштайт


23-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков (ред: каймана аты Эду) менен УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиевге (ред: каймана аты Пито) козголгон кылмыш иши каралды.

Белгилей кетсек, кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлганы үчүн процесс жабык өтмөкчү.

Аскер прокуратурасы аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.