Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолукту


Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолукту. Иш-сапардын алкагында ал жаңы курулган турак үйлөрдү көрүп, жергиликтүү калк менен баарлашты. Жолугушуу учурунда айыл тургундары көйгөйлөрүн айтып, суроолорун беришти. Максат айылы үчүн турак жай жана социалдык объектилерди куруу максатында айыл өкмөт тарабынан 44 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда бул аймакта 16 жаңы үй толук салынып, алардын тургундары көчүп келип жашай башташты.
Камчыбек Ташиев жаңыдан көчүп барган Раззаков айылына да барды. Ал айылдын тургундары менен жолугуп, алардын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн укту. Жергинде айтылган маселелер боюнча тийиштүү жетекчилерге дароо тапшырмалар берилип, алардын аткарылышы көзөмөлгө алынары белгиленди. Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар чек ара маселелеринин толугу менен чечилгенин белгилеп, бул үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.