Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тапшырмасына ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районунда бүгүн, 12-декабрда Социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси болуп өттү.
Баетов айыл өкмөтү Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте өткөргөн бул жарманкеде кой эти 600 сомдон, индюктун тушу 3000 сомдон 6000 сомго чейин сатылды.
Кыргызстан боюнча өтүп жаткан жарманкеде эт эң арзан баада дал ушул жерде сатылууда. Мисалы, эки апта бою топоздун эти 550 сомдон сатылды.

Эске салсак, министрлик тарабынан жарандар үчүн керектүү азык-түлүктөрдүн жарманкеси жума сайын жер-жерлерде үзгүлтүксүз өткөрүлүп келүүдө.

