Бишкекте соттолгондордун эмгектеринин көргөзмөсү өтөт


Бишкекте 18-декабрь күнү соттолгондордун эмгектеринин «Үмүттүн кыл калеми» аттуу көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан кабарлады.
Экспозиция Эмен багында жайгашкан Чуйков атындагы көркөм галереяда өтөт (Пушкин көчөсү, 78а).
«Бул эмгектер – кайрадан өзүнө ишенүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга жана өзгөрүүлөргө карай умтулууга үйрөнүп жаткан адамдардын үнү», — деп жазылган маалыматта.
Иш-чаранын программасы:
соттолгондордун көркөм жана колдонмо иштеринин бет ачары;
камактагыларды жана алардын үй-бүлөсүн колдоо үчүн экспонаттарды сатуу;
ресоциалдашуунун жана социалдык колдоонун мааниси жөнүндө ачык диалог.