19-декабрга карата аба ырайы


Бүгүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология кызматы таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймактарында -1…+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көлдө 0…+5 градус болот. Ал эми Нарында суук көбүрөөк сезилип, термометр -1…-6 градусту көрсөтөт.
Борбор калаада +2…+4, Ош шаарында +5…+7 градус болору айтылды.