Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен республиканын бардык аймактарында азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. Ар бир районго жарманке өткөрүүгө атайын график боюнча аптанын күндөрү бөлүнгөн. Райондогу тиешелүү кызматкерлер түзүлгөн жүгүртмө боюнча жарманке уюштурууга милдеттендирилген.
Талас облусунун Манас районунун борборунда өткөн жарманкеде элге керектүү азыктар базар баасынан арзан сатылды. Мисалы, эттин баасы 650 сомдон болсо, колбаса азыктары 100-400 сомдун тегерегинде сатылды.
Учурда республика боюнча негизги азык-түлүк продукциялары боюнча эч кандай тартыштык жок, азык түлүк кору жетиштүү. Жарманкелер ички рынокту туруктуу камсыздоону улантуу жана жарандарга сапаттуу азыктарды жеткиликтүү баада сунуштоо максатында уюштурулууда.
Министрлик мындай демилгелер айыл чарба тармагын колдоого жана региондордун экономикалык активдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө болорун белгилейт.

