Нурдан Орунтаев Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
«Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Орунтаев Нурдан Кемелович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп жазылат билдирүүдө.
Орунтаевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Белгилей кетсек, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлгөн.