Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Маматов Исматилла Абдилазизович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.

