20-декабрда Токио шаарында өткөн “Борбордук Азия – Япония” диалогунун биринчи саммитинде президент Япония менен кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирди.
Мамлекет башчысы япон өнөктөштөрүн экологиялык жактан таза болчу “Асман” шаарынын долбооруна жана жыл бою туристтик сезонду камсыздай турган “Ала-Тоо Резорт” ири тоо-лыжа базасынын долбооруна инвестиция салууга чакырды.
Ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, “жашыл” технологиялар, транспорттук байланыш, IT жана билим берүү тармактарында кызматташууну арттыруу сунушталды.

