Ак-Талаада заманбап мал бордоо жана мал союу комплекси ачылды


Нарын облусунун Ак-Талаа районунда агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган дагы бир маанилүү объект — заманбап мал семиртип бордоп жана мал союу комплекси ишке берилди.
Аталган ишкана мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан ырааттуу агрардык саясаттын, ошондой эле жеке сектор менен мамлекеттин ортосундагы натыйжалуу өнөктөштүктүн айкын мисалы болуп саналат.
Мал бордоо комплекси 200 баш бодо малды (уй, жылкы) жана 1500 баш майда жандыкты (кой, эчки) багып семиртүүгө ылайыкталган. Ошондой эле комплекс суткасына 100 баш мал союу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, заманбап санитардык жана ветеринардык талаптарга толук жооп берет.
Акыркы жылдары өлкөбүздө айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, заманбап ишканалар биринин артынан бири ишке кирип жатат. Мындай долбоорлор аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн туруктуу рынокту камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Жаңы ишке кирген комплекс Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошуп, жергиликтүү дыйкан-фермерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.