Октябрь РИИБнин бир катар жетекчилери кызматтан бошотулду


Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу фактылары боюнча Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүздү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүлөр ээлеген кызматынан бошотулду:

-Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы Эмирлан Зарылбек уулу;

— Коомдук коопсуздук кызматы боюнча орун басары Турат Жакшылыков;

— Кадрлар боюнча орун басары Эрнист Арымбаев,

— Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Кубат Шабданбек уулу жана анын орун басары Айбек Темирбаев;

-Жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын башчысы Токтобек Чыбылдиев;

-Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Султангазиев;

-Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алманбет Алибеков;

-Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Урмат Ибрасулов;

-Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжар Молдобаев;

-Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Марат Раззаков;

-Октябрь РИИБдин №4 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан жамгырчиев.

Ошондой эле, Октябрь РИИБдин №3 жана №4 шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары Чынгыз Намазалиев жана Сталбек Токтогазиевге кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө тартиптик жазасы берилди.