Айыл чарба продукциясын дүң өндүрүү 437 миллиард сомдон ашты


Өлкөдө сүт, эт, картошка, жашылча, кумшекер, жумурткадан көйгөй жок. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, бул жылы айыл чарба тармагынын макроэкономикалык абалы туруктуу сакталды. Ал эми айыл чарба продукциясын дүң өндүрүү 437 миллиард сомдон ашты. Бул – өткөн жылга салыштырмалуу 102 пайызга жогору.