Айпери Медет кызы UWW рейтингинин сап башына чыкты


Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Медет кызы жыл ичинде эл аралык 5 мелдешке катышып, алардын ар биринде байгелүү орундарга ээ болду.

Ал Иорданияда өткөн Азия чемпионатында жана Сауд Аравиясындагы Ислам оюндарында алтын медаль тагынды.