Садыр Жапаров: Эч бир шарт, турмуш же шылтоо зомбулукту актабайт


Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча айтты.

“Аялдар менен балдарды коргоо маселеси кызыл чекке жетип баратат. Тилекке каршы, акыркы жылдары зордук-зомбулук көбөйүүдө. Аялга же балага кол салган бир да кылмышкер жазадан кутулбайт, бул мамлекеттин принципиалдуу позициясы”, — деди президент.

Ал өлкөнүн 2030-жылга чейинки улуттук программасында аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюуга артыкчылык берилгенин кошумчалады.