Октябрь РИИБдин башчысы болуп Талантбек Аттокуров дайындалды


Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы болуп милициянын полковниги Талантбек Аттокуров дайындалды.

Белгилей кетсек, ал күн мурун кызматтан алынган Эмирлан Зарылбек уулунун ордуна келди.

Зарылбек уулу Октябрь РИИБдин бир нече кызматкерине кылмыш иши козголгонуна байланыштуу кызматтан бошотулган.