20 тонна куйрук өлкөгө киргизилген жок


Нарын облусундагы «Торугарт» чек ара ветеринардык көзөмөл өткөрүү жайында Кытай Эл Республикасынан ташылып келе жаткан 20 000 кг койдун куйрук майы бар жүк Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилген жок.

Жүк Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерилип, анын жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды. Тактап айтканда, аталган жүккө тиешелүү ветеринардык коштоочу документтер белгиленген талаптарга жооп бербейт, ошондой эле жүктү ташуу учурунда ветеринардык-санитардык эрежелер бузулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар «Торугарт» чек ара көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра артка жөнөтүлдү.