Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин катынын негизинде, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Таш-Көмүр шаарындагы балык чарбаларында текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 7 балык чарбасынын ичинен 5 балык чарбасында мыйзам талаптарынын бузулгандыгы аныкталды. Тактап айтканда, айрым чарбалар жер тилкелерин өз алдынча мыйзамсыз ээлеп алып, алардын багытын бузуу менен максатсыз пайдаланып келишкен.
Аталган фактылар боюнча мыйзам чегинде чара көрүү үчүн тиешелүү материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Текшерүү иш-чаралары жер жана суу ресурстарын мыйзамдуу жана максаттуу пайдаланууну камсыздоого багытталган.

