Бүгүн күндүз айрым жерлерде кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -1…+4, Талас аймагында -2…+3, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5 градус жылуу болсо, Нарында -2…-7 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +2…+4, Ош шаарында +5…+7 градуска чейин жылыйт.

