Ысык-Көлдөгү жол курулушунун сапатына байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бир катар жетекчилери тартиптик жазага тартылды. Мындай чечим УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жолдордун курулушу боюнча айткан катуу сынынан кийин кабыл алынды.
Министр Абсаттар Сыргабаевдин буйругу менен министрдин биринчи орун басарына, Жол чарба департаментинин директоруна, ошондой эле “Кыргызжолтрансдолбоор” ишканасынын жетекчисине жана анын орун басарына катуу сөгүш жарыяланды. Министр белгилегендей, мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашырууда шалаакылыкка жол берилбеши керек. Сыргабаев өз билдирүүсүндө коюлган талаптарды жана жумушту так аткара албаган кызматкерлер кечиктирбестен арыз жазып, кызматтан кетиши керектигин катуу эскертти.

