Жасалма уруктандырууну жакшыртуу чарасы


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу үчүн заманбап жабдык-шаймандар алынып келди.
Жабдык-шаймандарды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жеринде көрүп чыгып, долбоордун жүрүшү жана жабдыктардын сапаты менен таанышты.
Аталган жабдык-шаймандар Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан «Туруктуу агро-азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору аркылуу сатылып алынды.
Комплекттер жасалма уруктандыруу процессин сапаттуу жана талаптагыдай жүргүзүү үчүн зарыл болгон тоңдурулган урукту узак мөөнөткө сактоочу Дьюар идиштери жана башка атайын жабдыктар менен камсыздалган.
Бул чаралар мал чарбасында асыл тукум иштерин өнүктүрүүгө, ири мүйүздүү малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган.