Кара-Кулжада эттин баасы арзан


 

 

Кара-Кулжа районунда базарларда түшүндүрүү жана мониторинг иштери жүргүзүлдү. Мындай аракет Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин “Кыргыз Республикасынын аймагында эттин (уй эти жана кой эти, сулп этинен башкасы) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуунун мөөнөтүн узартуу жөнүндө” буйругунун негизинде ишке ашырылды.

2026-жылдын 6-январында райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы жетекчилик кылган атайын комиссия район аймагындагы базарларда эт саткан ишкерлер менен жолугуп, мамлекеттик жөнгө салуунун максат-милдеттерин кеңири түшүндүрдү. Ошол эле учурда эт бааларына мониторинг жүргүзүлдү.

Комиссиянын ишинин алкагында ишкерлерге эт бааларын негизсиз жогорулатпоого, белгиленген талаптарды так сактоого жана калкка сапаттуу продукцияны жеткиликтүү баада сунуштоого чакырык жасалды.

Бүгүнкү күндө Кара-Кулжа районунун базарларында:

🔹 уй эти — 670 сомдон,

🔹 кой эти — 680 сомдон сатылууда.

 

Жүргүзүлгөн иш-чаралар калктын социалдык абалын коргоого, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана базарларда баанын туруктуулугун сактоого багытталган.