Кыргызстан менен Сауд Арабия футбол жаатында кызматташат


Бул боюнча меморандумга Жидда шаарында Камчыбек Ташиев кол койду.

Келишимдин негизги максаты – Кыргызстанда футболду комплекстүү өнүктүрүү, эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүү жана улуттук курама командалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Документке кол коюлгандан кийин Ташиев жана Сауд Арабиянын футбол федерациясынын президенти бири-бири менен футболка алмашты.