Бишкек-Каракол аба каттамдары эми жумасына төрт жолу учат


Бишкектен Караколго учак эми жумасына төрт жолу учат. Бул тууралуу Манас аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, каттамдар шейшемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

2024-жылдын декабрь айынан тарта Бишкек-Каракол, Каракол-Бишкек багыты боюнча авиакаттамдар «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясы тарабынан аткарыла баштаган. Жумасына 2 жолу, бейшемби жана жекшемби күндөрү аталган багыт боюнча учактар каттап жаткан. Билеттин баасы 3100 сомдон башталат.